ИИМдин тергөөчүлөрү комбанкка каршы мыйзамсыз кылмыш иши үчүн жазаланат

20.10.2021, 16:34 Акчабар
ИИМдин тергөөчүлөрү комбанкка каршы мыйзамсыз кылмыш иши үчүн жазаланат

Башкы прокуратура коммерциялык банктардын биринин өкүлүнө мыйзамсыз кылмыш иши козголгон фактыны аныктады. Бул тууралуу өлкөнүн башкы көзөмөл органынын басма сөз кызматы билдирди.

Прокурордук текшерүүнүн жүрүшүндө, жоопкерчилиги чектелген коомдордун (ЖЧК) биринин өкүлү 196 миң 701 АКШ долларына бааланган мүлктү мыйзамсыз ээлеп алуу фактысы боюнча банктын жооптуу кызмат адамдарына карата арыз менен Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук ички иштер бөлүмүнө кайрылып, “Менчикти коргоо жана ишкерлер менен инвесторлорду колдоо жөнүндө” жана “Ишкердик субъекттерин коргоо боюнча кошумча чаралар жөнүндө” жарлыктардын талаптарын бузуу менен банкка карата сотко чейинки өндүрүш катталгандыгы белгилүү болгон.

"Жогоруда аталган юридикалык жактардын ортосундагы бардык өз ара мамилелер тиешелүү келишимдер жана макулдашуулар менен жөнгө салынгандыктан, тараптардын ортосунда талаш-тартыш келип чыккан учурда маселелер сот органдарында жарандык тартипте каралышы зарыл болчу", - деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, негизсиз түрдө сот органдарына документтерди камакка алуу жөнүндө өтүнүч келтирип, анын жыйынтыгында сот органдары тарабынан өтүнүч канааттандырылган. Ошондой эле, финансылык-экономикалык экспертиза дайындалган.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен коммерциялык банкка карата сотко чейинки өндүрүш иши кыскартылып, ички иштер органдарынын тийиштүү кызматкерлерин тартиптик жоопкерчиликке тартуу үчүн Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгына сунуш келтирилди.

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу