«Учкун» ишканасынын башкы директору алмашты

06.09.2022, 15:38 Акчабар
«Учкун» ишканасынын башкы директору алмашты

"Учкун" акционердик коомунун жаңы башкы директору болуп Бакытбек Султанов дайындалды. Бул тууралуу маалымат Кыргыз фондулук биржасынын сайтында жарыяланды.

Ишкананы 2018-жылдын ноябрь айынан бери жетектеп келген мурдагы директор Даир Кенекеев жаңы ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызматынан бошотулган. Мындай чечимди компаниянын директорлор кеңеши 22-августта кабыл алды.

Султановду дайындоо боюнча чечимди директорлор кеңеши 23-августта чыгарган.

Жаңы жетекчи "Принт Экспресс" басма-полиграфиялык комплексинин директору экени белгилүү. Ошондой эле 2014-жылы "Учкун" ААКсынын башкы директорунун кеңешчиси болгон.

Тэги: ОАО «Учкун» генеральный директор Даир Кенекеев

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу