Улуттук банк: Алтынга баанын төмөндөшү дүйнөлүк суроо-талаптын айынан болууда

07.12.2021, 09:27 Акчабар
Улуттук банк: Алтынга баанын төмөндөшү дүйнөлүк суроо-талаптын айынан болууда

Дүйнөлүк суроо-талаптын төмөндөшүнүн фонунда алтын рыногунда баанын бир аз төмөндөшү байкалды. Бүткүл дүйнөлүк алтын кеңешинин (WGC) маалыматы боюнча, алтынга болгон дүйнөлүк суроо-талап өткөн кварталга салыштырмалуу 13 пайызга, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 7 пайызга төмөндөп, 831 тонна алтынды түздү. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.

Маалыматка ылайык, алтынга болгон кызыгуунун төмөндөшүнүн негизги себеби, ага кесипкөй инвесторлор тарабынан суроо-талаптын азайышы болгон. Ал эми жеке инвесторлор, биринчи кезекте Индия менен Кытайдан, ошондой эле зергерчилик өнөр жайы сатып алууну көбөйттү.

"Инфляциянын өсүү шартында алтынга болгон суроо-талап борбордук банктар тарабынан да сакталып калган. Ошентип, сары металлдын эң ири сатып алуучулары Индиянын Резервдик банкы (41 тонна), Өзбекстандын Борбордук банкы (23 тонна), Бразилия (9 тонна) жана Россия банкы (6 тоннага жакын) болду", - деп айтылат маалыматта.

Отчеттук мезгилде алтындын орточо баасы трой унциясына 1790,1 доллар деңгээлинде болуп, өткөн чейрекке салыштырмалуу 1,3 пайызга төмөндөгөн. Ошол эле учурда алтындын баасы бир трой унциясы үчүн 1726 доллардан 1829 долларга чейинки масштабда өзгөрдү. Инвесторлордун артыкчылыктарына АКШнын казынасынын кирешелүүлүгүнүн жогорулашы, доллардын бекемделиши жана бир катар борбордук банктардагы пайыздык чендердин жогорулоосу терс таасирин тийгизген.

"Отчёттук мезгилдин жыйынтыгы боюнча алтындын дүйнөлүк сунушу жылына 3 пайызга кыскарып, 1,2 миң тоннаны түздү. Жалпы көлөмдүн ичинен баштапкы алтынды өндүрүү 4 пайызга көбөйүп, миң тоннаны түзсө, ал эми кайра иштетүү 22 пайызга азайып, 300 тоннаны түздү”,-деп түшүндүрүштү Улуттук банктын аналитиктери.

Алтындын баасына таасир этүүчү негизги фактор дүйнөлүк жөнгө салуучулардын саясаты бойдон калууда. Эгерде инфляциянын өсүшүнө жооп катары ал катуулай баштаса, анда баалар төмөндөп кетиши мүмкүн.

Кошумчалай кетсек, 7-декабрга карата Улуттук банктын аффинаждалган алтын куймаларынын унциясын сатып алуу баасы 156 миң 502,5 сом деңгээлинде болуп, жыл башынан бери 4,2 пайызга төмөндөгөн.

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу