Акча алмаштыруу жайларына чет өлкө валютасындагы операциялар үчүн коюлган чектөө алып салынды

01.12.2022, 12:01 Акчабар
Акча алмаштыруу жайларына чет өлкө валютасындагы операциялар үчүн коюлган чектөө алып салынды

Улуттук банк коммерциялык банктардын алмашуу бюролору менен чет өлкө валютасын сатып алуу/сатуу боюнча операцияларды жүргүзүүгө коюлган чектөөлөр алынып салынганын билдирди.

Бул накталай жана накталай эмес чет өлкөлүк валютага да тиешелүү.

Тыюу салууга ылайык, эгерде алмашуу бюросунда, мисалы, 20 миң долларга барабар жүгүртүү капиталы болсо, ал бир күн ичинде бул суммадан ашык валюталык операцияларды жүргүзө албайт болчу.

Ошол эле учурда чектөө бир күндө бир гана операцияны жана бир гана коммерциялык банк менен иштөөнү караган.

“Чектөөлөрдү алып салуу акча алмаштыруу жайларына коммерциялык банктар менен мурдагыдай эле конвертациялоо, башкача айтканда, чет элдик валютаны сатып алуу жана сатуу боюнча иштөөгө мүмкүндүк берет. Эгерде тыюу салынганга чейин ошол эле 20 миң доллар менен ар кандай банктар менен 5 операцияны жүргүзө алсак, кийин бул мүмкүн болбой калган. Азыр биз мурунку иш схемасына кайтып жатабыз. Азырынча божомол айтуу кыйын, бирок чектөөлөрдүн алынышы Кыргызстандын валюта рыногуна оң таасирин тийгизет деп үмүттөнөбүз”, - деди “Альянс” алмашуу бюролорунун ассоциациясынын экс-төрагасы Чыңгыз Бийлибаев.

Тэги: новости Кыргызстана обменные бюро Нацбанк ограничения

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу