Жогорку Кеңештин сайтында 22-декабрдагы жыйында депутаттар мурда каралган мыйзам долбоорлоруна добуш беришкени айтылат.
Жыйынтыгында төмөнкү мыйзам долбоорлору үчүнчү окууда кабыл алынды:
Белгилей кетсек, Салык кодекси экинчи аракетте гана кабыл алынган. Депутат Дастан Бекешевдин айтымында, биринчи добуш берүүдө 58 гана депутат "макул", 13 депутат "каршы" деп добуш берди. Алтургай министрлер кабинети айрым депутаттар менен сүйлөшүп, аларды ынандыруу үчүн тыныгуу жарыялаганы маалым болгон. Эми документке президент Садыр Жапаров кол коюшу керек.