Быйыл бюджеттин профицити 13 млрд сом болору болжолдонууда. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Социалдык фонддун жетекчиси Бактияр Алиев билдирди.
Анын айтымында, 2021-жылы Социалдык фонд 2 млрд сом бюджеттин профицити менен чыкса, 2022-жылы 10 млрд сомдун профицити түзүлдү.
“Учурда пенсияны жогорулатуу үчүн Социалдык фонддо 30 млрд сомго жакын кошумча каражат бар жана кийинки жылдары төлөмдү камсыздай алабыз”, - деп кошумчалады Алиев.