III топтогу майыптардын пенсиясын жогорулатуу сунушталды

15.12.2022, 12:48 Акчабар
III топтогу майыптардын пенсиясын жогорулатуу сунушталды

Социалдык фонд III топтогу майыптардын пенсиясын жогорулатууну сунуштоодо. Бул тууралуу парламенттин жыйынында төраганын орун басары Гүлнура Жуматаева билдирди. 

Анын айтымында, I жана II топтогу майыптар пенсияны толук, ал эми III топтогу майыптар пенсиянын базалык бөлүгүнүн 50%, камсыздандыруу бөлүгүнүн 50% гана алышууда.

“Ошондой эле, биз базалык бөлүгүнүн 50% калтырууну, бирок пенсиянын камсыздандыруу бөлүгүн 100%га көтөрүүнү сунуштап жатабыз. Демек, III топтогу майып орто эсеп менен 2280 сом алса, бул өзгөртүүлөр кабыл алынгандан кийин ал орто эсеп менен 2975 сомдон ала баштайт. Орточо эсеп менен пенсия 700-800 сомго көтөрүлөт”, - деп түшүндүрдү Социалдык фонддун төрагасынын орун басары.

 

Тэги: новости Кыргызстана пенсии по инвалидности Социальный фонд

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу