Келерки жылы Социалдык фонддун кирешеси 68 млрд 511 млн 52,4 миң сом өлчөмүндө болоору пландаштырылган. Мындай маалыматтар “Социалдык фонддун 2022-жылга бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу” долбоорунда маалым болду.
Муну менен бирге 2022-жылы Соцфонддун чыгашалары 67 млрд 144 млн 506,3 миң сомду же ИДПга карата 9,4% түзүшү керек. Анын ичинен 91,5 пайызы пенсияны каржылайт.
Ошентип, 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча мекеменин бюджетинин аткарылышы 1 млрд 366 млн 546,1 миң сом профицит менен күтүлүүдө.