Соцфонддун бюджетинин чыгашалары 56 млрд 635 млн сомду түздү

25.01.2022, 11:38 Акчабар
Соцфонддун бюджетинин чыгашалары 56 млрд 635 млн сомду түздү

Кечээ, 24-январда Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйында депутаттар “Социалдык фонддун 2020-жылга бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү тууралуу” мыйзам долбоорун карашты.

Мыйзам долбоорун Социалдык фонддун төрагасынын орун басары Теңизбек Абжапаров тааныштырды. Ал белгилегендей, фонддун 2020-жылдагы бюджетинин аткарылышы тууралуу отчеттунун кирешелер боюнча 56 млрд 56 млн сом өлчөмүндө бекитүү сунушталууда,  бул 2019-жылга салыштырмалуу 2 млрд 231 млн сомго көп.

“Соцфонддун бюджетинин чыгашалары 56 млрд 635 млн сом, анын ичинде Пенсиялык фонддун чыгашалары – 52 млрд сом, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду – 2 млрд 361 млн сом, эмгекчилердин  ден-соолугун чыңдоо  фонду- 198 млн сом чыгашалары такталды. Ал эми, бюджеттик тартыштык 579,8 млн сомду түздү”, - деди баяндамачы.

Маселени талкуулоодо Комитеттин мүчөлөрү пенсияларды жана социалдык жөлөк пулдарды көбөйтүү жана өз убагында төлөө, пенсиянын базалык жана камсыздандыруу бөлүктөрүн жыл сайын индексациялоо маселелерине көңүл бурушту. Тактап айтканда, депутат Надира Нарматова отчеттук мезгилге аудит жүргүзүү маселесин көтөрдү.

Маалым болгондой, Эсептөө палатасы 1 млрд сомдон ашык суммага каржылык мыйзам бузууларды аныктап, анын ичинен: 538 миң сом - финансылык мыйзам бузуулар, 840 млн сом - Соцфонддун бюджетинен түшкөн каражаттарды максатсыз жана мыйзамсыз пайдалануу, түзүмдүк түзүлүштөгү мыйзам бузуулар 200 млн сомду түзгөн. Мындан тышкары 323 млн сомдук резервдер жана бюджеттик жоготуулар аныкталган.

Талкуунун жыйынтыгында депутаттар мыйзам долбоорун экинчи окууда жактырышты.

Тэги: Жогорку Кеңеш Соцфонд бюджет

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу