Соцфонддун кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды

21.01.2022, 11:33 Акчабар
Соцфонддун кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды

Сокулук райондук Социалдык фонд башкармалыгынын кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

УКМК тарабынан Кылмыш-жазык кодексинин 343-беренеси "Опузалап пара алуу" боюнча Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган материалдардын алкагында 19-январда аталган башкармалыктын жетектөөчү адиси “З.Э.З.” пара алып жаткан жеринен кармалды.

17-январда Сокулук районунун тургуну аталган кызматкерден акыркы 10 жылда төлөнгөн социалдык чегерүүлөр боюнча көчүрмө алуу боюнча кайрылган. Өз кезегинде “З.Э.З.” буга чейинки социалдык чегерүүлөр боюнча маалымат менен таанышып чыгып, анын айрым бир мыйзам бузуулары бар экенин айтып, буга байланыштуу ал акчалай сыйлык үчүн анын маселесин оң жагына чечип берүүнү сунуштаганы сотко чейинки өндүрүштө аныкталган.

Учурда ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Тэги: Соцфонд КР коррупция

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу