Социалдык-экономикалык чакырыктарга чара көрүү боюнча антикризистик чаралар талкууланды

15.03.2022, 11:49 Акчабар
Социалдык-экономикалык чакырыктарга чара көрүү боюнча антикризистик чаралар талкууланды

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев дүйнөдө орун алып жаткан жана өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө терс таасирин тийгизип жаткан окуяларга жооп кайтаруу боюнча антикризистик чараларды иштеп чыгуу үчүн илимий чөйрө өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашты.    

Кожошев белгилегендей, дүйнөлүк экономикалык кризис системдүү мүнөзгө ээ, ал бир катар экономикалык жана социалдык тармактарга, мындан тышкары, дүйнөлүк экономиканын структурасына жана эл аралык экономикалык мамилелердин принциптерине да өз таасирин тийгизет.

«Кризис создугуп кетиши ыктымал. Бирок дүрбөлөңгө түшүүнүн кереги жок. Учурда министрлер кабинети кризиске каршы чаралардын жыйындысын даярдоодо, ал топтолгон финансылык ресурстардын көлөмүн кыска мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү келечекте кармап туруу зарылдыгынан келип чыгуусу тийиш. Бул калкты жана бизнести колдоо боюнча жаңы чаралардын ыкмасы болмокчу», - деп белгиледи Кожошев.

Өз кезегинде жарандык коомдун жана илимий чөйрөнүн өкүлдөрү азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу, тышкы миграция, дары-дармек запастары, кредиттик-финансы саясаты жаатында ыкчам чараларды көрүүнү сунуштады.

Иш-чаранын жыйынтыгында кеңешмеде айтылган бардык тийиштүү сунуштар президенттин администрациясынын иштеп чыгуусуна берилди.

Мындан тышкары, антикризистик жыйынтык чаралар жакынкы аралыкта социалдык-экономикалык чакырыктарга ыкчам чара көрүү боюнча Антикризистик комитеттин кеңешмесинде каралышы пландалууда.

Тэги: антикризистик план социалдык-экономикалык өнүгүү Арзыбек Кожошев

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу