Социалдык-экономикалык объектилер боюнча дирекция түзүлөт

20.01.2022, 17:21 Акчабар
Социалдык-экономикалык объектилер боюнча дирекция түзүлөт

Социалдык-экономикалык жана административдик объекттерди куруу, реконструкциялоо боюнча мамлекеттик дирекция түзүлөт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан маалымдашты.

Президенттин жарлыгын аткаруу иретинде тийиштүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.

Президенттин иш башкармасына Мамлекеттик дирекцияны тийиштүү тартипте мамлекеттик каттоодон өткөрүүсү, ошондой эле  ушул токтомдон келип чыгуучу уюштуруучулук-техникалык жана башка чараларды көрүүсү тапшырылды.

Мамлекеттик дирекциянын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:

  • Кыргызстандын аймагында бюджеттик жана мыйзамдарда тыюу салынбаган башка каражаттардын эсебинен каржылануучу социалдык-экономикалык жана административдик объекттерди долбоорлоо, реконструкциялоо жана куруу;
  • долбоордук уюмдарды тартуу менен социалдык-экономикалык жана административдик объекттердин шаар куруу жана долбоордук документтерин иштеп чыгууну жүзөгө ашыруу;
  • Кыргызстандын аймагында долбоорлорду ишке ашыруу үчүн инвестицияларды тартуу;
  • социалдык-экономикалык жана административдик объекттерди курууда энергияны үнөмдөөчү заманбап технологияларды киргизүүнү, ошондой эле жогорку технологиялык материалдарды жана буюмдарды натыйжалуу колдонууну камсыз кылуу.

Тэги: Социалдык-экономикалык объекттер мамлекеттик дирекция

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу
×