Социалдык фонд: пенсиялар убагында төлөнөт

18.12.2020, 15:00 Акчабар
Социалдык фонд: пенсиялар убагында төлөнөт

2020-жылдын декабрь айында пенсиялык төлөмдөр 1.4 млрд сомду түзгөн. Бул тууралуу Социалдык фонддун басма сөз кызматы билдирди. 

Азыркы учурда пенсиялык төлөмдөрдүн 95% каржыланган жана жакынкы күндөрү бекитилген графикке ылайык, бардык пенсиялык толук көлөмдө төлөнүп берилет. 

Андан сырткары, Социалдык фонддон белгилешкендей, 2021-жылдын январь айында пенсиялар убагында төлөнүп берилет. Пенсияларды төлөөдө кечигүү жана үзгүлтүккө учуроо болбойт.

Кошумчалай кетсек, буга чейин ММК тармагында кийинки жылдын январь айынан тарта пенсияны каржылоого каражат жок деген маалымат тараган. 

Тэги: Социалдык фонд төлөм

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу