Социалдык фонд пенсиянын минималдуу өлчөмүн көтөрүүнү пландоодо

14.03.2023, 10:45 Акчабар
Социалдык фонд пенсиянын минималдуу өлчөмүн көтөрүүнү пландоодо

Социалдык фонд пенсиянын минималдуу өлчөмүн 3170 сомго көтөрүүнү пландоодо. Бул тууралуу парламенттин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында Социалдык фонддун жетекчиси Бактияр Алиев билдирди.

Анын айтымында, “Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөр кабыл алынса, пенсия 70%дан 260%га чейин көтөрүлөт. Бул үчүн 4 миллиард сом керек. 

“Биз пенсиянын минималдуу өлчөмүн 3170 сом болушун сунуштап жатабыз. Өзгөртүүлөр кабыл алынса, 53 миң пенсионердин пенсиясы жогорулайт”, - деди ал.

Бактияр Алиевдин айтымында, бүгүнкү күндө өлкөдө 745 миң пенсионер бар.

“Ошондой эле пенсияларды каттоону жөнөкөйлөтүп жатабыз. Эми каттоодо паспорт болсо жетиштүү”,  - деп кошумчалады Соцфонддун жетекчиси.

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу