2023-жылы аз камсыз болгон 10 миң үй-бүлө мамлекеттен 100 миң сомдон алып, өз бизнесин ачкан. Бул тууралуу Эмгек министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, ийгиликтүү ишке ашырылган долбоорлордун эң көп саны Жалал-Абад жана Ош облустарында болгон.
Ошондой эле, долбоорлордун кыйла кирешелүүлүгү натыйжалуулугу боюнча Бишкек, Чүй жана Баткен облустары алдыда.
Быйыл 20 миң үй-бүлө мамлекет менен социалдык контракт түзө алат.