«Бай Тушум» менен Нидерландия өнүктүрүү банкы каржылоо тууралуу келишим түзүштү

26.03.2019, 09:50 Өнөктөштүк макаласы
«Бай Тушум» менен Нидерландия өнүктүрүү банкы  каржылоо  тууралуу келишим түзүштү

Насыялык келишимдин негизинде $7.5 млн  жаштар менен аялдардын  чакан жана орто бизнесин өнүктүрүүго жумшалат.  

 «Бай Түшүм» менен Нидерландиянын өнүктүрүү  банкы (FMO) 2019-жылы 19-мартта   насыялык келишимди  $7.5 млн суммага түздү. Насыялык каражаттар банктарга үч жылга берилип, ал жаштар менен аялдардын чакан жана орто бизнесин өнүктүрүүгө жумшалат. Мындай финансалык колдоо ишкерлерге жакшы дем берип, жаңы иш  орундарын түзүүгө  мүмкүнчүлүк ачылат. 

« FMO насыялык келишимдин түзүлүшү биздин банктын жеке секторду колдоого алганыбызга  карата эл аралык инвестордун ишеними зор экенин көрсөтүүдө.  Мындан тышкары бул келишим өнүктүрүү  стратегиясын ишке ашырууда  маанилүү  баскыч деп билдирди «Бай Түшүм» банкынын башкармалыгынын башчысы Максатбек Ишенбаев. – Бул келишимдин алкагында  банк агросектор, анын ичинде мал чарбачылык, багбанчылык, фермерлик чарбага, соода тармагына жана тигүү цехтерине, ошондой эле азык-түлүк  азыктарын кайра иштетүүгө багытталат».

 «Бай Түшүм»  банкы  18 -жылдык ишмердигинде Кыргызстандын ири финансалык институтуна айланып, анын жалпы активдүү  капиталы   7.63 млрд сомго болуп, ал эми кардарлардын базасы   130 миң адамга жеткен. Өлкө боюнча филиалдардын түйүнү кеңири жайылып (61 тейлөө кеңсеси)  «Бай Түшүм» банкы ишкерлер менен жеке адамдарга толук финансалык кызматтарды сунуштайт.  

Дополнительная информация здесь.

Голландиянын өнүктүрүү банкы  – өнүгүп келе жаткан  мамлекеттерде  жеке жана орто бизнести өнүктүрүүгө  инвестор болуп келет.  FMO жеке сектор өнүгүп, күчтүү  болсо экономикалык жана социалдык  өнүгүү болоруна ишенет. 45 жылдык тарыхы бар банк ишкерлердин мүмкүнчүлүгүн ачуу, жашоонун сапатын жакшыртарына ишенет. FMO төмөндөгү негизги багытка каржылоо жасайт: финансы институтары, энергетика жана агробизнес, азык-түлүк жана таза суу менен камсыздоо. Банк дүйнөдөгү жеке секторду каржылоого  €9.6 млрд капитал жумшаган эң ири банк. Ал дүйнөдө 85 мамлекетте иш алып барат.  

Дополнительная информация здесь.

Тэги: FMO бизнес Бай Тушум

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу