Сокулукта 186 млн сомдук айыл чарба жери мамлекетке кайтарылды

24.03.2023, 09:51 Акчабар
Сокулукта 186 млн сомдук айыл чарба жери мамлекетке кайтарылды

Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Васильевка айыл өкмөтүндө 186 млн сомдук айдоо жерлер мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Чүй облустук прокуратурасы жер мыйзамдарынын талаптарынын аткарылышы боюнча Аламүдүн районун Васильевка айыл өкмөтүндө текшерүү жүргүзгөн.

Текшерүү учурунда айыл чарба багытындагы жер тилкелерине карата укук тастыктоочу жана укук күбөлөндүрүлгөн документтери алынбай, муниципалдык менчикке өткөрүлбөй калган жалпы 307,5 га жер тилкеси аныкталган.

“Мындан улам, жол берилген мыйзам бузууларга карата прокурордук акты келтирилип, кароонун жыйынтыгында 186 млн 277 миң 534 сомго бааланган, жалпы аянты 307,5га айыл чарба багытындагы сугат айдоо жери муниципалдык менчике кайтарылды”, - деп айтылат маалыматта. 

 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу