Сокулук районун Жаңы-Пахта айыл округунун Турак жай-коммуналдык чарба бөлүмүнүн адиси И.Х жана аталган айылдын тургуну А.К кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитетинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган жарандар жасалма документтерди жасап, жалпы аянты 13 гектардан ашык айыл чарба багытындагы жер тилкелерин мыйзамсыз каттатып, мамлекетке 7 млн. сом зыян келтирген.
Кылмышка шектүүлөр Кылмыш-жаза кодексинин 379-беренеси (“Документтерди жасалмалоо”) жана 209-беренеси (“Алдамчылык”) менен Кылмыш-жаза кодексинин 96-беренесине ылайык камакка алынды.
Учурда кылмыш ишине тиешелүү башка адамдарды аныктоо иш-чаралары жүрүүдө.