Бүгүн банк кызматкерлеринин күнү

10.05.2019, 11:24 Акчабар
Бүгүн банк кызматкерлеринин күнү

Бүгүн 10-майда өлкөнүн улуттук валютасы – сомдун жүгүртүүгө чыгарылышына 26 жыл толду.  Кыргыз сому 1993-жылдан бери канча өзгөрүүгө  туш болуп, ошол эле учурда валююталар рыногунда наркы түшпөгөн туруктуу  акча бирдиги катары баалуу. 

 Алгач, кыргыз валютасы  – сом 1993-жылдын 10-майында  таңкы саат төртө басылып жүгүртүүгө чыгарылган. Бирок, кыргыз сому монеталык двор же  ишкана жок болгондуктан дайыма сырттан  юасылып алынып келинет.1993-жылы  Кыргыз сому менен орус рублинин катар колдонулушуна 5 күн – 1993-жылдын 10-майынан тартып 14-майына чейинки мезгил аралыгында гана жол берилген.  

1993-жылдын 14-майынан тартып сом Кыргыз Республикасынын жалгыз мыйзамдуу төлөм каражатынан болгон. Кыргызстан СССР ыдыраганда Россиядан кийин улуттук валютасын киргизген экинчи өлкө катары тарыхта калды. 

Эгемендүү мамлекеттин өзүнүн валютасын жүгүртүүгө чыгаруу жөнүндө чечими  өлкө үчүн экономикалык саясатты көз карандысыз аныктоого, Улуттук банктын акча-кредит саясатын өз алдынча жүргүзүүгө негиз болгон.   

Улуттук валютага болгон ишеним, анын сатып алуу жөндөмдүүлүгү жана баа туруктуулугу экономикалык туруктуулуктун маанилүү көрсөткүчү болуп саналат. 26 жыл ичинде кыргыз сому өлкөдөгү мезгил-мезгили менен болгон экономикалык жана саясий өзгөрүүлөргө карабастан өзүнүн туруктуулугун ишенимдүү тастыктай алды.  

Учурда сиздерге сомдун айрым банкнотторун сунуш кылабыз. Сиздин эсиңизде кагаз тыйындар  менен катар, жүгүртүүдөн алынган айрым акчалар эске салынат. 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу