Улуттук банк 20-апрелге карата валюталардын расмий курсун жарыялады. Такталган маалыматтарга караганда, өнөктөш өлкөлөрдүн негизги валюталарына карата сом төмөндөдү.
Сомго карата баарынан да рублдин курсу жогорулап, тиешелүүлүгүнө жараша 2,14%га же 0,9978 сомго жана теңге 1,86%га же 0,1803 сомго чейин бекемделди. Сом долларга карата 0,7%га төмөндөп, 81,0143 сомго, еврого карата 0,87%га арзандап, 87,5765 сомго бааланды.
Кошумчалай кетсек, акыркы жумада доллар менен евронун сомго карата расмий курсу биринчи жолу көтөрүлдү.