Кыргызстандын Улуттук банкы 4-февралга валюталардын сомго карата расмий курсун жарыялады. Бул тууралуу маалымат жөнгө салуучу органдын сайтында жайгаштырылган.
Такталган маалыматтарга караганда, сом евро жана рубльга карата бекемделди. Тактап айтканда, евро 0,89%га төмөндөп, 94,0470 сомго, ал эми рубль 0,48%га төмөндөп, 1,2282 сомго бааланды.
Теңге 0,27%га кымбаттап, 0,1880 сомго бааланды.
АКШ доллары бир аз 0,03%га жогорулап, 86,25 сомду түздү.