Улуттук банк 28-февралга валюталардын сомго карата расмий курсун жарыялады. Бул тууралуу маалымат жөнгө салуучу органдын сайтында жайгаштырылган.
Такталган маалыматтарга караганда, сом теңгеге карата 0,26%га жогорулап, 0,1946 сом, ал эми рубльга карата 0,01%га жогорулап, 1,1515 сомду түздү. Бирок еврого карата 0,03%га арзандап, 92,2424 сомду түздү.
Ошол эле учурда доллардын курсу 87,4170 сом деп белгиленди.