Улуттук банк 25-ноябрга карата валюталардын сомго карата расмий курстарын жарыялады. Бул тууралуу тийиштүү мекемеден билдиришти.
Ага ылайык, сом рублга карата дагы 0,40%га, 1,3943 сомго төмөндөдү. Ал эми сом еврого карата 0,95%га алсырап, 87,9045 сомго бааланды.
Теңгенин курсу 0,71%га төмөндөп, доллардын курсу өзгөргөн жок. Учурда 1 доллар 84,4343 сомго бааланууда.