Улуттук банк 14-ноябрга карата валюталардын сомго карата расмий курсун жарыялады. Бул тууралуу тийиштүү мекемеден билдиришти.
Ага ылайык, сом бардык төрт валютага карата арзандады.
Евро 0,81%га жогорулап, 87,2886 сом болду. Ал эми доллар 0,10%га кымбаттап, 84,3817 сомго бааланды.
Рубль 0,59%га, 1,3949 сомго, казак теңгеси 0,55%га, 0,1835 сомго чейин бекемделди.