Сомдун долларга карата бекемделүүсү уланууда

23.05.2022, 16:30 Акчабар
Сомдун долларга карата бекемделүүсү уланууда

Кыргызстандын Улуттук банкы 24-майга карата валюталардын сомго карата расмий курсун жарыялады. Бул тууралуу маалымат жөнгө салуучу органдын сайтында жайгаштырылган.

Такталган маалыматтар боюнча, сомдун курсу АКШ долларына карата 0,46%га кымбаттап, 79,5 сомду түздү. Ошол эле учурда улуттук валюта башка валюталарга карата алсыраган. Теңгенин сомго карата баасы баарынан да 0,97%га кымбаттап, 0,1871 сомду түздү.

Рубль 0,36%га, 1,303 сомго, евро 0,2%га жогорулап, 84,6437 сомго бааланды.

Белгилеп кетсек, бүгүн акча алмаштыруучу жайларда доллар 79,5-80,5 сомдон сатылууда. 

Тэги: валютный курс Национальный банк КР

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу