Улуттук банк 20-декабрга карата валюталардын сомго карата расмий курсун жарыялады. Бул тууралуу маалымат жөнгө салуучу органдын сайтына жарыяланды.
Маалыматка ылайык, сом рублга карата 0,27% жана теңгеге карата 0,06%га бир аз төмөндөдү. Ага ылайык, 1 рубль 1,3160 жана 1 теңге 0,1814 сомду түздү.
Евро 0,13% төмөндөп, 90,4038 сомго бааланды.
АКШ доллары 84,95 сом болду.