Кыргызстандын Улуттук банкы 22-октябрга карата валюталардын сомго карата расмий курсун жарыялады. Такталган маалыматтарга караганда, теңгеден башка өнөктөш өлкөлөрдүн бардык негизги валюталарына карата сом төмөндөдү.
Баарынан да сом орус рублине карата дароо 4,07% төмөндөп, 1,3418 сомду түздү. Доллардын расмий курсу 0,31%га жогорулап, 82,6134 сомго, евронун курсу 0,03%га, 80,5935 сомго чейин жогорулады.
Ошол эле учурда Кыргызстанда теңгенин расмий наркы 0,23%га төмөндөп, 0,1755 сомду түздү.