Улуттук банк 17-декабрга карата валюталардын сомго карата расмий курсун жарыялады. Бул тууралуу жөнгө салуучу органдын сайтына жарыяланды.
Ага ылайык, сом рублга карата 0,88%га бекемделип, 1,3124 сомду түздү. Бирок еврого карата 0,32% төмөндөп, 90,5227 сомду түздү.
Ошол эле учурда, доллардын курсу 84,95 сом жана теңгенин курсу 0,1813 сомду түздү.