Улуттук банк 3-декабрга карата валюталардын сомго карата расмий курсун жарыялады. Бул тууралуу маалымат жөнгө салуучу органдын сайтына жарыяланды.
Такталган маалыматка ылайык, сом рублга карата 1,20%га кымбаттап, 1,3693 сомду түздү. Теңге 0,11%га арзандап, 0,1801 сомду түздү.
Евро 0,84%га жогорулап, 88,9596 сомду түздү.
Ал эми, доллардын курсу өзгөргөн жок. Бир доллар 84,4500 сомго бааланууда.