Сомдун наркы теңгеден башка бардык негизги валюталарга карата бекемделди

25.01.2022, 09:10 Акчабар
Сомдун наркы теңгеден башка бардык негизги валюталарга карата бекемделди

Бүгүн, 25-январга карата Улуттук банк сомдун негизги валюталарга карата расмий курсун жарыялады. Бул тууралуу маалымат Улуттук банктын сайтында жайгаштырылды.

Андагы маалыматка караганда, сомдун наркы долларга (0,03%га), еврого (0,12%га) жана баарынан да орус рублине карата (0,88%га) бекемделди. Алсак, 25-январга карата сомдун расмий курсу төмөнкүдөй: рубль – 1,096 сом, евро – 96,0035 сом, АКШ доллары – 84,7938 сом.

Ошону менен бирге эле эле сомдун теңгеге карата курсу 0,21%га төмөндөп, 0,1953 сомду түздү. Казакстандын Улуттук банкынын маалыматы боюнча, 24-25-январь аралыгында теңге да еврого (0,27%), АКШ долларына (0,17%) жана баарынан да рублга карата 2,28%га дароо кымбаттады.

Рубль оор мезгилди башынан өткөрүп жатат. Алсак, рублдин жаңыланган курсу боюнча АКШ доллары 67 тыйынга, же 0,88%га, ал эми 21-январдан тарта 1,2%га кымбаттады. Орус валютасы да еврого карата алсызданды, күнүнө 0,8%, 21-январдан баштап - 0,88%.

 

Тэги: сом валюта курс валют деньги тенге рубль доллар США

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу