Улуттук банк 22-ноябрга карата чет элдик валюталардын сомго карата расмий курсун жарыялады. Бул тууралуу тийиштүү мекеменин сайтына жарыяланды.
Маалыматка ылайык, сом евро жана теңгеге карата 1,03%га кымбаттап, тиешелүүлүгүнө жараша 86,5655 жана 0,1821 сомду түздү.
Доллар менен рубль улуттук валютага карата төмөндөдү. Америка валютасы 0,04%га арзандап 84,4130 сомду, ал эми рубль 0,28%га түшүп, 1,392 сомду түздү.