Улуттук банк 25-январга карата валюталардын сомго карата расмий курсун жарыялады. Бул тууралуу маалымат жөнгө салуучу органдын сайтына жарыяланды.
Ага ылайык, сомдун курсу бардык негизги валюталарга карата кымбаттады. Эң жогору рублге карата 1,34%га, 1,2421 сомго чейин көтөрүлдү.
Андан кийин евро 0,31% арзандап, 93,5880 сомго жетти.
Сомго карата АКШ доллары 0,10% жана теңге 0,05% арзандады.