Сомдун наркы бардык валюталарга карата бекемделди

21.04.2022, 17:01 Акчабар
Сомдун наркы бардык валюталарга карата бекемделди

Кыргызстандын Улуттук банкы 22-апрелге карата валюталардын курсун жарыялады. Такталган маалыматтарга караганда, сомдун курсу бардык негизги валюталарга карата бекемделди.

Баарынан да рубль сомго карата 4,94%га төмөндөп, бир рублдин баасы 0,9759 ​​сомду түздү. Теңге 2,69%га алсызданып, 0,1810 сомго бааланды. АКШ доллары сомго карата 2,66%га арзандап, 80,3641 сомду түздү. Ал эми евро бир күн ичинде 1,91%га арзандап, 87,7938 сомго бааланды.

Белгилей кетсек, коммерциялык банктарда жана акча алмаштыруучу жайларда доллар 83-86 сом жана рубль 0,9 – 1,08 сом деңгээлинде белгиленген.

Тэги: сомдун наркы валюталар курсу Улуттук банк

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу