Соода-өнөр жай палатасында дээрлик 15ке жакын комитет түзүлдү

08.06.2023, 09:52 Акчабар
Соода-өнөр жай палатасында дээрлик 15ке жакын комитет түзүлдү

Палатанын ишмердүүлүгүнүн алкагында 15ке жакын комитеттер түзүлдү. Бул комитеттер өз күч-аракеттерин учурдагы маселелерди чечүүгө багыттап, жигердүү иштөөдө. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, палата ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн продукциясын алга жылдырууга жана ишкерлердин кызыкчылыктарын коргоого багытталган бир катар иш-чараларды жигердүү өткөрдү. 

“Соода-өнөр жай палатасы БАЭ, Венгрия, Өзбекстан, Кытай, Россия жана башка өлкөлөрдө бизнес форумдарды жана бизнес кеңештерди уюштурду. Ар кандай мамлекеттердин соода-өнөр жай палаталары менен кызматташуу меморандумдар жана ишкер кеңештерди түзүү менен бекемделген. Палатанын мындан аркы ишмердүүлүгүнүн концепциясын иштеп чыгуусу жана бүтүндөй палатанын ишине тиешелүү айрым мыйзам долбоорлоруна өзгөртүүлөрдү киргизүүсү маанилүү. Бул Соода-өнөр жай палатанын өзгөрүп жаткан шарттарга ыңгайлашууга жана өз мүчөлөрүнүн муктаждыктарына натыйжалуу жооп берүүгө умтулуусун билдирет”, - деп айтылат маалыматта.

 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу