Соода-өнөр жай палатасынын алдында энергетика комитети түзүлдү

31.03.2023, 10:05 Акчабар
Соода-өнөр жай палатасынын алдында энергетика комитети түзүлдү

Соода-өнөр жай палатасынын алдында энергетика комитети түзүлүп, комитеттин төрайымы болуп Кундуз Кырбашева дайындалды. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.  

Маалыматка ылайык, энергетика комитетинин курамына өлкөнүн 25 энергетикалык ишканасынын өкүлдөрү кирди. 

Жаңы комитеттин мүчөлөрү энергия жетишсиз шарттарда энергиянын кайра жаралуучу булактарынын ролу жогорулаганын белгилешти.
 

"Энергодефицит шартында энергиянын кайра жаралуучу булактарынын ролу олуттуу өстү. Ошондуктан энергиянын кайра жаралуучу булактарынын толук кандуу кластерин түзүүдө бир катар көйгөйлөрдү чечүү менен тартууга болбойт. Алсак, тармакка арналган жабдуулар үчүн ТЭИ кодун аныктоо зарыл, мындан тышкары, ТЭИ коддорунун тизмесине суутек технологиясын, ошондой эле чакан ГЭСтерди курууда жана эксплуатациялоодо колдонулуучу жабдуулардын бөлүктөрүн киргизүү сунушу бар. ЭКБ үчүн жер жана суу бөлүп берүү тоскоолдуктарсыз болушу үчүн мыйзамдарды жөнөкөйлөтүү өтө маанилүү", - деп белгиледи энергетика комитетинин башчысы. 

 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу