"Сорос-Кыргызстан" фонду облустук ооруканаларга 16,5 млн сомдук дары-дармектерди берди

06.08.2020, 17:24 Акчабар
"Сорос-Кыргызстан" фонду облустук ооруканаларга 16,5 млн сомдук дары-дармектерди берди

"Сорос-Кыргызстан" Фонду коронавирусту дарылоого керектүү дары-дармектерди жети облусттук бириккен ооруканаларына жана Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматына сатып берди. Колдоонун суммасы 16 миллион 453,5 миң сомду түздү. Бул тууралуу республикалык штаб билдирди.

Дарылардын тизмесине антикоагулянттар жана антибиотиктер кирет:

Клексан - 3 миң пакет;

Эноксапарин - 3 миң пакет;

Гепарин - 2 миң пакет;

Цефепим - 15 миң пакет.

«Аталган фонд Кыргызстанда COVID-19 пандемиясынын башталышынан бери, жеке коргонуу каражаттары түрүндө, 118 ишеним телефону, психологиялык жардамдын ишеним телефону жана башка көптөгөн жардамдар көрсөтүп келет», - деп айтылат билдирүүдө.

Тэги: Сорос фонду Кыргызстанда коронавирус

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу