"Элет-Капитал" микрофинансы компаниясы" ЖАКтын акционерлеринин жылдык жалпы чогулушунда директорлор кеңешинин үч мүчөсүнүн ыйгарым укуктары токтотулду. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасы билдирди.
Алар: Нуржигит Үсөнакун уулу, Татьяна Лавренюк жана Оксана Соломко.
Бирок аларды кайра шайлоо боюнча дагы бир чечим кабыл алынды. Ошентип директорлор кеңешинин курамы ишин улантат.