Кыргызстандын төрагалыгы алдында ЕЭКтин биринчи отуруму өттү

23.01.2022, 10:31 Акчабар
Кыргызстандын төрагалыгы алдында ЕЭКтин биринчи отуруму өттү

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошевдин төрагалыгы астында ЕЭК Кеңешинин жыйыны видеоконференция режиминде өттү. Жыйын Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдик органдарында төрагалык кылууну кабыл алгандан кийинки алгачкы жыйын болуп саналат.

Кеңештин отурумунда 30 маселе каралды. ЕЭК Кеңеши Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин кароосуна Евразия экономикалык бирлик аймагында ташууларга көз салуу үчүн навигациялык пломбаларды колдонуу жөнүндө макулдашууну ишке ашыруу жөнүндө маселени киргизүү чечимин кабыл алды. Макулдашууну колдонуу Биримдиктин ички чек араларында көзөмөл чараларын минималдаштырууга жана Бирликке мүчө мамлекеттердин транзиттик жагымдуулугун жогорулатууга мүмкүндүк берет.

Евразия экономикалык бирлигинин алкагында Биримдиктин интеграцияланган маалыматтык системасын пайдалануу аркылуу уруксат берүү чөйрөсүндөгү улуттук маалыматтык системаларды интеграциялоо боюнча иш-чаралардын планы «жол картасы» бекитилди.

"Евразия экономикалык биримдигинин бажы аймагына ташылып келинген товарларга байкоо жүргүзүү механизмин киргизүү боюнча пилоттук долбоорду ишке ашырууну баштоо жөнүндө чечим кабыл алынды. Ошондой эле, ЕАЭБдин бажы аймагына ташылып келинген жана байкоо жүргүзүүгө тийиш болгон товарлар жөнүндө маалыматтарды улуттук байкоо тутумдарына киргизүү жана сактоо Тартиби бекитилди",- деп айтылат министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

ЕЭК Кеңешинин чечими менен Евразиялык экономикалык форум жөнүндө жобого өзгөртүүлөр киргизилди. Атап айтканда, ЕАЭБдин бажы чек арасында жана биримдиктин бажы аймагында ветеринардык көзөмөлдү жүргүзүүнүн бирдиктүү тартиби жөнүндө жобого жана Бажы биримдигинин комиссиясынын Титан оксидине тийиштүү чечимине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө чечим кабыл алынган.

Жыйындын соңунда кеңештин мүчөлөрү 2022-жылдын 23-24-февралында Нур-Султан шаарында өтө турган Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынынын күн тартибин бекитти.

Тэги: ЕЭК заседание Кыргызстан

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу