Жогорку сотко караштуу Сот департаменти сот аткаруучулар кызматынын бөлүмдөрү үчүн кызматтык унааларды сатып алат. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыяланды.
Ага ылайык, күйүүчү май менен жүрүүчү 43 унаа жана 7 электромобиль сатып алынат.
“Унааларды сатып алууга 99 млн 303 миң 750 сом жумшалат. Конкурстук табыштамаларды берүүнүн акыркы күнү 13-октябрь”, - деп айтылат маалыматта.