«Кыргызстан» санаторийинин кызматкерлери үч жылдан бери айлыгын ала аблай келет

16.02.2024, 11:31 Акчабар
«Кыргызстан» санаторийинин кызматкерлери үч жылдан бери айлыгын ала аблай келет

Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айылында жайгашкан "Кыргызстан" ден соолукту чыңдоо борборунун кызматкерлерине үч жылдан бери маяна бериле элек. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Сеид Атамбаев билдирди.

Анын айтымында, санаторийдин кызматкерлери ага директор Шамил Экеевдин үстүнөн арыз менен кайрылышкан.

Парламентарий кызматкерлерге болгон карыздын жалпы суммасы 8 миллион 800 миң сомду түзөрүн маалымдады. Жалпысынан санаторийде 30 адам иштейт.

Сейид Атамбаев Министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги өкүлү Алмасбек Абытовдон бул маселени жеке көзөмөлүнө алып, санаторий кызматкерлеринин маселесин чечип берүүнү суранды.

Тэги: новости экономика Кыргызстана санаторий «Кыргызстан» Жогорку Кенеш

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу