«Бишкекасфальтсервистин» кызматкерлери 7 млн сомдон ашык каражатты жеп алышкан

24.03.2023, 13:39 Акчабар
«Бишкекасфальтсервистин» кызматкерлери 7 млн сомдон ашык каражатты жеп алышкан

“Бишкек асфальтсервис” муниципалдык ишканасынын кызматкерлерине кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Бишкек шаарынын прокуратурасы тарабынан “Бишкек асфальтсервис” ишканасында коррупцияга каршы аракеттенүү, автомобилдик жолдор жөнүндө мыйзамдарынын аткарылышына карата текшерүү жүргүзүлдү.

"Текшерүүдө 2019-2020-жылдар аралыгында Бишкек мэриясынын жана “Бишкек асфальтсервистин” жооптуу кызмат адамдары өз кызмат абалдарын кыянаттык менен пайдаланышып, конкурс өткөрбөстөн жана тиешелүү документтери жок туруп үчүнчү жактын эсебине 7 млн 624 миң 319 сомду мыйзамсыз которуу менен өндүрүп алышканы аныкталды". - деп айтылат маалыматта.

Аталган факты боюнча Бишкек шаардык прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) жана 210-беренеси (“Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же которуу”) менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Тэги: новости Кыргызстана Бишкекасфальтсервис Генпрокуратура

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу