Башкы прокуратуранын кызматкерлери Ленин заводунун жерин саткан деп айыпталууда

06.09.2022, 10:12 Акчабар
Башкы прокуратуранын кызматкерлери Ленин заводунун жерин саткан деп айыпталууда

"Бишкек машина куруу заводу (БМЗ)" ААКнын (Ленин атындагы завод) мыйзамсыз ажыратылган жер тилкелерин сатуу фактысы боюнча Башкы прокуратуранын тергөө башкармалыгынын тергөөчүсү кармалды.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришкендей, прокуратура органдарында коррупциялык кылмыштарды аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин жүрүшүндө үстүбүздөгү жылдын 5-сентябрында Бишкек шаарында УКМК Аскер прокуратурасы менен биргеликте Башкы прокуратуранын Тергөө башкармалыгынын өзгөчө маанилүү иштер боюнча тергөөчүсү С.Н.М. кармады.

Белгиленгендей, аталган тергөөчү Сокулук районунун аймагында жайгашкан "Бишкек машина куруучу завод" ААКга таандык жалпы аянты 62 гектар жер тилкелерин жеке турак жай куруу үчүн мыйзамсыз сатууну уюштурганы аныкталган.

Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин 3-бөлүгү (Коррупция) менен козголгон кылмыш ишинин алкагында тергөөчү кармалып, андан ары тергөө-ыкчам иш-чараларын жүргүзүү үчүн УКМКнын СИЗОсуна киргизилди.

Буга чейин "БМЗ" ААКнын көрсөтүлгөн жер тилкелерин мыйзамсыз ээлик кылуу учурундагы коррупция фактысы боюнча Башкы прокуратуранын башкармалыгынын улук прокурору Ч.Н.З. жана “БМЗ” ААКнын мурдагы кызматкерлери кармалган.

Тэги: Генпрокуратура ГКНБ КР незаконная продажа земель Сокулук завод имени Ленина

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу