"Компьютердеги зыян" үчүн Мамлекеттик каттоонун кызматкерлерине 3,7 млн. сом төлөнүп берилген

12.04.2019, 12:00 Акчабар
"Компьютердеги зыян" үчүн Мамлекеттик каттоонун кызматкерлерине 3,7 млн. сом төлөнүп берилген

КР Эсептөө палатасы тарабынан 2017-жылга карата КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын жана анын ведомстволук түзүмдөрүнүнө текшерүү жасалган. Аудиттин алкагында МККда эмгек акыны негизсиз жана эмгек акыны төлөдөө  7,3 млн. сомдук мыйзам бузуу  аныкталган. 

Эмгек акыны негизсиз – 1,8 млн сом, эмгек акыны төлөөдө бузуулар – 5,5 млн сом.  Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо, Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаменттеринин кызматкерлерине компьютерде иштеген зыяндуулук үчүн, 25%дан – кошумча төлөмдөр жалпы суммасы 3,7 млн. сом төлөнүп берилген.

«Тактап айтсак, кошумча төлөмдөр эмгек орундарында иондоочу нурлануу такталбастан берилген. Ошондой эле, 2016-жыл үчүн жүргүзүлгөн аудиттин актысына жазылгандыгына карабастан, Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин 2015-жылдагы №36-к буйругу менен, компьютерде иштеген зыяндуулугу үчүн 15%дан -25%га чейин, 2017-жыл ичинде айлык маянага кошумча зыяндуулук үчүн 2,0 млн. сом негизсиз эсептелген жана төлөнгөн. КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-августагы №473 токтомун бузуу менен, атайын эсептин каражаттарынан 0,7 млн. сом, жети штаттык бирдикти кармоо үчүн сарпталган»-деп билдирет Эсептөө палатасынан. 

2018-жылдын 26-майындагы “Салыктык эмес кирешелер, ички аудит маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жана Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө” Мыйзамынын 6-беренесине ылайык, Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаменти тарабынан атайын эсептин кирешелеринин жана чыгымдарынын жалпы 8,8 млн. сом суммасындагы акча каражаты бюджетке кайтарууга тийиш.

«Аудиттин жыйынтыгы боюнча, Эсептөө палатасы тарабынан кем чыгууларга, бузууларга жол бербөө жана аларды четтетүү боюнча сунуштар берилди. Ошондой эле, мурунку аудиттин жазма буйруктарын толук аткаруу боюнча талаптар коюлду. 2016-жылдагы аудиттин жазма буйругундагы эскертүүлөрдү эске албастан, бул жылдын аудитинде дагы финансылык тартип бузууга, кошумча төлөөдө, ашыкча төлөмдөрдү жүргүзгөндүгү жана эмгек акысына үстөк акы төлөөдө кемчиликтердин кайталанышына жол бергендиги үчүн, борбордук аппараттын, Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин жана ведомстволук түзүмдөрдүн жооптуу кызмат адамдарынын жоопкерчиликтерин кароо сунушу берилди»-Эсептөө палатасы. 

Аудиттин жыйынтыктары боюнча КР Жогорку Кеңешине, КР Президентинин Аппаратына, КР Коопсуздук Кеңешинин катчылыгына, КР Өкмөтүнө жана аудит объектисине материалдар жөнөтүлдү.

Тэги: аудит нарушения Счетная палата

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу