Бажы кызматкерлери контрабандалык жүктү кармашты

18.11.2019, 15:30 Акчабар
Бажы кызматкерлери контрабандалык жүктү кармашты

ЕАЭБтин бажы аймагына мыйзамсыз ташылып келинген 23 836 800 сомдук кальян тамекилери Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери тарабынан кармалды.

ЕАЭБтин бажы аймагына товарларды жана транспорт каражаттарын мыйзамсыз ташып кирүү фактыларын табуу жана аларга бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаранын жыйынтыгында, “Түштүк-Батыш” бажысынын кызматкерлери Ош шаарында мыйзамсыз ташылып келинген жалпы салмагы 11 628 килограмм болгон, акциздик маркасы жок кальян тамекилерин кармашкан.

Кармалган товардын орточо базар баасы 23 836 800 сомду түзөт.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, матералдар сотко чейинки өндүрүшкө алынды.

Тэги: ГТС контрабадный груз табак

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу