Чүй облусундагы Панфилов райондук электр тармактарын текшерүүдө мекеменин материалдык жооптуу адамдары тарабынан жалпы суммасы 1 млн 605 миң 749 сом болгон товардык-материалдык баалуулуктар жок кылынгандыгы аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Бул факты боюнча көзөмөл органы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренеси (“Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу”) менен кылмыш иши козголду.
Тергөөнүн жүрүшүндө материалдык зыян 1 млн 605 миң 749 сом толугу менен өндүрүлүп, кылмыш иши негизинен кароо үчүн райондук сотко жөнөтүлгөн.