Азия өнүктүрүү банкынын директорлор кеңеши Кыргызстанга келет

22.09.2022, 12:25 Акчабар
Азия өнүктүрүү банкынын директорлор кеңеши Кыргызстанга келет

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Азия өнүктүрүү банкынын Кыргызстандагы туруктуу өкүлчүлүгүнүн башчысы Канокпан Лао-Арая менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөтүн басма сөз кызматы кабарлады.

Жолугушуунун жүрүшүндө өнөктөштүктүн жаңы стратегиясын иштеп чыгуу, өлкөдөгү каржы институтунун учурдагы долбоорлорун илгерилетүү, ошондой эле кызматташтыкты мындан ары чыңдоо маселелери талкууланды.

Канокпан Лао-Арая Акылбек Жапаровго ушул жылдын октябрь айындагы АӨБ директорлор кеңешинин Кыргызстанга сапары жана 2023-2027-жылдарга өлкө менен жаңы өнөктөштүк стратегиясын талкуулоонун маанилүүлүгү тууралуу маалымат берди. 

Министрлер кабинетинин башчысы белгилегендей, Азия өнүктүрүү банкы өлкөгө өнүгүүнүн бардык тармактарында маанилүү колдоо көрсөткөн стратегиялык өнөктөш болуп саналат.

"Кыргыз Республикасы өлкөнүн экономикасын жумушчу орундарын түзүүгө жана региондук жана глобалдык өндүрүштүк-сатуу чынжырчасына интеграцияланууга жөндөмдүү диверсификацияланган жана атаандаштыкка жөндөмдүү жеке сектор экономикасына трансформациялоого колдоо көрсөтүүгө кызыктар", - деди ал.

Тэги: новости Кыргызстана Азиатский банк развития

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу