COVID-19 менен каршы күрөшүү үчүн элден түшкөн акча кайда жумшалды?

28.04.2020, 09:20 Акчабар
COVID-19 менен каршы күрөшүү үчүн элден түшкөн акча кайда жумшалды?

Кыргызстандын аймагында коронавирус инфекциясы (COVID-19) менен күрөшүү боюнча иш-чараларын каржылоо үчүн жеке жана юридикалык жактардан ыктыярдуу жардам көрсөтүү түрүндө түшкөн акча каражаттары жана аларды бөлүштүрүүгө тийиштүү өкмөттүн  маалыматтык камсыздоо бөлүмү төмөнкүлөрдү билдирет.

2020-жылдын 27-апрелине карата  Саламаттык сактоо министирлигинин эсебине 134 млн 144 миң 130 сом түшкөн. Анын ичинен 38 млн 559 миң 300 сом медициналык кызматкерлерге кошумча төлөм үчүн багытталган.

2020-жылдын 27-апрелине карата  Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министирлигинин эсебине 16 млн 359 миң 993 сом түшкөн, анын ичинен 13 млн 379 миң 996 сом жумшалган.

Эсептердин абалы жана келип түшкөн финансы каражаттарын жумшоо тууралуу кеңири маалыматтар менен төмөнкү шилтеме аркылуу таанышууга болот.

Тэги: COVID-19 Акча каражат эсеп

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу