“Линолеум” ишканасы аткаруу органынын курамы өзгөргөнүн билдирди. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасынын сайтында маалымдалды.
Маалыматка ылайык, Венера Матибраимова директорлуктан өз каалоосу менен кетип, анын ордуна Тынчтыкбек Жаныбек уулу дайындалды.
Белгилеп кетсек, Венера Матибраимова "Линолеум" ААКнын тең ээси, ага 42,7% акция таандык.
Ал 2020-жылы шайлоого катышкан “Кыргызстан” партиясынын тизмесинде болгону да белгилүү.