Түрк тилдүү мамлекеттердин банк ассоциацияларынын бирикмеси түзүлдү

10.11.2022, 15:04 Акчабар
Түрк тилдүү мамлекеттердин банк ассоциацияларынын бирикмеси түзүлдү

Стамбулда түрк тилдүү мамлекеттердин банк ассоциацияларынын кеңешин түзүү боюнча келишимге кол коюлду. Бул тууралуу Банктар бирикмесинин төрагасы Анвар Абдраев билдирди.

Аталган бирикмеге Азербайжан, Казакстан, Түркия, Өзбекстан жана Кыргызстан болуп беш мамлекет кирет. 

“Бирикме туруктуу каржылоо чөйрөсүн өнүктүрүү боюнча тыгыз кызматташуу жана тажрыйба алмашуу максатында түзүлүп жатат”, - деди Кыргызстандын Банктар бирикмесинин жетекчиси.

Ал бул тармакты өнүктүрүүнүн эчак эле зарыл болгонун билдирди.  

“Кыргызстан азыр туруктуу каржылоонун калыптануу баскычында турат. Ал эми кошуналарыбыз алдыга кетти. Казакстанда, Монголияда, Грузияда азыртан эле туруктуу өнүгүүгө багытталган долбоорлор ишке ашырылып жатат”, - деди ал.

 

Тэги: новости Кыргызстана экономика банки

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу