Рияда Лео Джакометто компаниялар тобунун өкүлдөрү Кыргызстанда дары-дармектерди маркалоо тутумун түзүүгө инвестиция салуу менен кызматташтыкты өнүктүрүүгө даяр экендигин билдиришти. Бул тууралуу алар вице-премьер-министр Жылдыз Бакашова менен жолугушууда айтканын министрлер кабинетинин басма сөз кызматы жазды.
Өз кезегинде Жылдыз Бакашова да кызматташууга кызыкдар экендигин белгиледи.
Маалымат үчүн: Бахрейн падышачылыгындагы Рияда компаниялар тобу араб перс булуңунун базарында 15 жылдан ашуун убакыттан бери иштеп келе жатат. Ишкананын негизги акционерлери Аль-Халифанын падышалык үй-бүлөсүнүн мүчөлөрү. Бул топко бизнес чөйрөсүнүн ар кандай тармактарындагы 20дан ашык компаниялар кирет.